"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жамааты ишкананын Башкы директорунун аза кайгысын тең бөлүшөт.
22 Октября 2013
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты ишкананын Башкы директору Малабаев Аргынбек Жумабековичке жана анын үй-бүлөөсүнө уулу Аргынбек уулу Адилеттин
күтүлбөгөн кырсыктан каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты.