Темир жолчу Алексей Батищев кол күрөш боюнча Азиянын ачык Кубогунда II-орунду ээледи
15 Ноября 2017
Эске салсак, Казахстандын Тараз шаарында кол күрөш боюнча Азиянын ачык Кубогу жыйынтыкталды.
Мелдешке дүйнөнүн 14 мамлекетинен 300 дөн ашык спортчулары катышты. Алар 10 салмак категориясында күч сынашышты. Ал эми калыстар тобунун курамын Хорватия, Россия, Тажикистан жана Өзбекстандан келишкен тажрыйбалуу калыстар түзүштү.
100 килограмга чейинки “Мастер-класс” категориясында 2-байгелүү орунду калыстар тобу бир добуштан Кыргызстандык спортчу, темир жолчу Алексй Батищевге ыйгарышты.
Ошентип, ал кол күрөш боюнча Азиянын ачык Кубогунда II даражадагы диплом менен сыйланды.