"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик тил боюнча окуу курстарын уюштурат

28 Октября 2013

Мамлекеттик ишканада кыргыз тили боюнча окуу курстары болот

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ноябрь айынан тартып, мамлекеттик тил боюнча окуу курстарын уюштурат.

Ноябрь айынан тартып, жумасына үч жолудан ишканада кыргыз тили боюнча окуулар өткөрүлүп турат. “Биздин эң башкы максатыбыз - мамлекеттик ишканада мамлекеттик тилди өнүктүрүү” деп билдирет кыргыз тили боюнча адис Айнагүл Жакакова. Анын айтымында жетекчилик тарабынан атайын бөлмө бөлүп берүү маселеси чечилип, тийиштүү шарттар каралып жатат. Мындан тышкары кыргыз тили боюнча атайын программа тандалып алынып, окуу китеби менен камсыз болушкан. Ал эми мамлекеттик тил боюнча окуудан өтүүчүлөр эки тайпага бөлүнөт. Алар кыргыз тилин тийиштүү деңгеелде билбегендер жана такыр билбегендер. Тизмеде ишканада иштеп жаткан бардык улуттардын өкүлдөрү бар

  Эске салсак, сентябрь айында мамлекеттик тил боюнча конкурс уюштурулуп, ар бир филиал кыргыз элинин улуттук каад-салттарын, кол өнөрчүлүктү, маданият, үрп-адатты чагылдырган. Калыстар тобу филиалдардын эң мыкты даярдыгын белгилеп, байгелүү орундарды аныктаган. “Электроэнергия жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча филиалы” калыстардын жогорку баасына арзып, акчалай сылыкка ээ болду.

  Конкурстун жыйынтыгында жалпы суммасы 40 000 сомго барабар акчалай сыйлыктар тапшырылды

Бардык жаңылыктар