"Кыргыз темир жолу" темир жолдо ремонт иштерин жүргүзүп жатат

1 Ноября 2013

Учурда 21 чакырым темир жолго Германиянын "Фосcло" бурагычтары менен темир бетон шпалдары төшөлдү

«Кыргыз темир жолу» 21 чакырым темир жолдо ремонт иштерин аяктады.

  Быйыл май айынан тартып, Кыргызстандын темир жолдорунда ремонт иштери башталган. Аны «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын «Жол чарбасы боюнча филиалы» жүргүзүүдө. Ремонт иштеринин жүрүшүндө эскирген жыгач шпалдары толугу менен жаңы темир бетон шпалдарына алмаштырылат. Ал эми бурагычтары Германиянын “Фосcло” компаниясынын жабдуулары.

  Эске салсак, мындай ремонт иштери 2011-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Маселен, 2011-жылы 37 000, ал эми 2012-жылы 40 000 темир бетон шпалдары “Фосcло” компаниясынын (Германия) бурагычтары менен темир жолго орнотулган. Бул “Бишкек-1” − “Карабалта” жана “Бишкек-2” − “Аламедин” участкалары.

  2013-жылга карата 45 000 даана темир бетон шпалдарын “Фоcсло” бурагычтары менен орнотуу пландаштырылган. Бул “РЗД141” − “Карабалта” (9 км), “Аламедин” − “Кант”, “Ивановка”-“Токмок” (16 км) участкалары. Мындан тышкары 12000 даана эскилиги жеткен жыгач шпалдары жана 2000 даана эскирген темир бетон шпалдары алынып салынат. Ушундай эле ремонт иштери Түштүк бөлүмүндө да жүргүзүлүп, 5 000 даана шпалдар жаңыланмак.

  Бүгүнкү күндө быйылкы жылга белгиленген темир жолдогу ремонт иштери толугу менен аткарылды. Темир бетон шпалдары коюлган участок 21 чакырымды түзөт. Бул “РЗД 141” − “Карабалта” жана “Аламедин” – “Кант” участкалары.

  Ремонт иштери суук түшкөнчө улана берет жана жалпысынан 24 чакырым темир жолдо темир бетон шапалдары төшөлөт.
 

Бардык жаңылыктар