"Кыргыз темир жолунун" маданият үйүндө капиталдык ремонт иштери жүрүп жатат

6 Ноября 2013

2014-жылы "Кыргыз темир жолунун" 90 жылдык салтанаты ушул маданият үйүндө өткөрүлөт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын 90 жылдыгына карата маданият үйү толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлөт.

  2014- жылы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тарыхый датага карата ишканага караштуу маданият үйүндө капиталдык ремонт иштери жүрүп жатат. Анткени, мааракеге арналган салтанаттар дал ушул маданият үйүндө өткөрүлөт. Белгилеп кетүүчү нерсе, аталган маданият үйүнүн курулганына да эмдиги жылы 90 жыл толот. Демек, бул маданият борбору “Кыргыз темир жолу” менен бир куракта деп айтсак болот.

  1924-жылы курулган имаратта алгач госпиталь жайгашкан болсо, 1938-жылдан 1961-жылга чейин темир жол ооруканасы катарында иштеп келген. Андан соң маданият үйү катары пайдаланылып, учурда “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын профсоюз уюмунун жетекчилигинде. Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жаткан жападан-жалгыз тармактык маданият үйү болуп эсептелет. Учурда театр, ыр-хор, бий жана кол өнөрчүлүк бөлүмдөрү иштеп, мектеп окуучуларынын сүйүктүү жайына айланган. Мындан тышкары темир жолчулардын ар кандай салтанаттары, жыйындар өткөрүлүп турат.

  Курулуш материалдарын каржылоо толугу менен ишкана тарабынан колго алынса, ремонт иштерин “Кыргыз темир жолуна” караштуу “Мостоотряд” курулуш бригадасы жүргүзүп жатат. Капиталдык ремонт иштери толук аяктагандан соң, анын салтанаттуу ачылышы болуп, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына арналган иш-чаралар башталат.

        

                                                           

  

Бардык жаңылыктар