Өзбекстандын темир жолу жүктөрдүн бардык түрүн ташууга жеңилдик берди
1 Марта 2018
2018-жылдын 22-февралынан тартып, 2018-жылдын 31-декабрына чейин Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берилди.
Буга чейин аталган багыт боюнча ташылуучу жүктүн көлөмү 300 миң тоннаны түзсө, андан кийинки көлөмдөгү жүктөр 30 % жеңилдик менен ташылат деген маалымат берилген эле.
Эми 2018-жылдын 22-февралынан тартып, бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берилгендигин маалымдайбыз.
Эске салсак, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Републикасынын Президенттеринин 2017-жылдын 13-14-декабрында Ташкент шаарында өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуусундагы эки тараптуу макулдашууларын жүзөгө ашыруу максатында Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берүү үчүн “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коомуна кайрылган.