Быйылкы кышта темир жол транспорту электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен үзгүлтүксүз камсыз болот.

18 Ноября 2013

"Кыргыз темир жолунда" кышка карата даярдык иштери аяктап жатат

  “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы кышка даярдык иштерин жыйынтыктады. Мында эң башкы максат: темир жолду электроэнергиясы жана байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп эсептелет.

  Учурда “Луговая-Рыбачье” багыты боюнча жаңы электрондук жабдуудан турган релейлик жактан коргонуу жабдуусу орнотулду. Ошондой эле трансформатордук подстанциялар ремонттон өткөрүлүп, жаңы электр зымдары тартылды. Ал эми “Коямат-Курколь-Рыбачье” багыты боюнча 1966-жылдан бери пайдаланылып келген жыгач тирегичтери темир бетон устундарына алмаштырылды.

  Темир жолдо байланыш иштери да эң башкы орунда турат. “Бишкек-Рыбачье” багыты боюнча оптикалык кабельдик телекоммуникация системасына өтүү үчүн капиталдык курулуш иштери башталды. Бул багытта “Бишкек-II-Аламедин” участкасында оптикалык кабелдерди жайгаштыруу иштери аяктады.

  “Бишкек-Торугарт” автожолун реконструкциялоонун алкагында андагы аба байланыш линиясын, кабелдик байланыш линиясына өткөрүү боюнча ири көлөмдөгү иштер жасалды. Мындан тышкары  “Бишкек-I” станциясында телефондоштуруу, жана жергиликтүү байланышты жакшыртуу багытындагы иш-аракеттер соңуна чыкты.

  Демек, “Кыргыз темир жолун” электрэнергиясы жана байланыш менен камсыздоо боюнча учурда жеткиликтүү иш-чаралар аткарылды.

Бардык жаңылыктар