Молдовада темир жол транспорту боюнча 59-отурум болуп, ага "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаев баштаган делегация катышты.

25 Ноября 2013

59-отурумда Кыргыз темир жолу үчүн бир катар пайдалуу иш-чаралар каралды.

  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаев - шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 59-отурумуна катышып келди.

  Молдованын борбор шаары Кишинев шаарында шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 59-отуруму болуп өттү. Ага Россия Федерациясынын, Азербайжандын, Армениянын, Беларуссиянын, Казахстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Тажикистандын Туркменистандын, Озбекстандын, Украинанын, темир жол администрацияларынын башчылары катышты.

  Күн тартибинде кеңири масштабдагы маселелер каралып, алардын арасында 2013-жылдын 9 айындагы эксплуатациялык иштердин жыйынтыгы, 2014-2015-жылдагы поезд каттамдарынын графиктеринин нормативдери, жана жүк жүктөлүүчү вагондорду, контейнерлерди каттоонун жыйынтыгы талкууланды.
   Ушул жылдын май айында Душанбе шаарында (Тажикистан) өткөн 58-жыйындан бери темир жол администрациялынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 64  жыйын болуп, бир катар нормативдик документтерге өзгөртүү киргизүү даярдалды. Алар: Эл аралык каттамдардагы жүк ташуучу вагондорду пайдалануунун мөөнөтүн узартуу боюнча Жобо жана кооптуу деп эсептелген жүктөрдү ташуу боюнча Жобо.

  Отурумдун жыйынтыгында шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңеши жана темир жолдогу Эл аралык Союздун ортосунда кызматташуу меморандуму кабыл алынды.

  “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевдин айтымында Кыргыз темир жолу үчүн электрэнергиясын үнөмдөө, жүргүнчүлөрдү ташууда резервдик системасын өнүктүрүү жана жүктөрдүн ташылып бараткан абалын көзөмөлдөө технологиясы маанилүү.

Бардык жаңылыктар