«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы:
28 Ноября 2013
жүргүнчүлөр үчүн билеттерди сатууда жаңы формат киргизилди
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы 2013-жылдын 25-ноябрынан тартып жүргүнчүлөргө жол жүрүү билетин сатууда жаңы формат менен иштей баштады. Ага ылайык, эми жол жүрүү билетинде жүргүнчүнүн жарандыгы, жынысы, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жарандыгын күбөлөндүргөн документтин номери жазылат.
Жүргүнчүлөр үчүн билеттерди сатуудагы бул жаңы ыкма Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешине караштуу Эл аралык “Экспресс” автоматтташтырылган башкаруу системасын пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун 21-кеңешмесинде кабыл алынды.
Бардык жаңылыктар