«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
30 Июля 2018
Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 31-июлунда Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.
Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 8-00 дөн тартып, 22-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.
Ыссык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
Бардык жаңылыктар