Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы майыптар үчүн кайрымдуулук жардам көргөздү.

6 Декабря 2013

"Кыргыз темир жолу” ишканасы жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жактан жардам берип келет.

  Быйыл майыптарды колдоонун бир айлыгынын алкагында Кыргызстандын Республикалык майыптар коомуна жана Чүй областтык майыптар коомуна тамак-аш азыктары түрүндө колдоо көргөзүлдү. Аталган коомдор “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигине атайын кат менен кайрылышкан. Темир жолдогу атайын комиссия алардын суранычын канааттандырып, Кыргыз өкмөтү тарабынан жарыяланган майыптарды колдоонун бир айлыгынын алкагында аларга жардам берүү боюнча чечим кабыл алган.

  Комиссиянын чечимине ылайык бул жумада темир жолчулардын Иш Башкармалыгы Республикалык майыптар коомуна 125 кг. күрүч, 125 кг гречка, 100 кг. макарон, 30 литр өсүмдүк майы жана 100 кг. кум шекер тапшырып келишти.

  Дал ушундай эле көлөмдөгү тамак-аш азыктары Чүй областтык майыптар коомуна да жеткирилип берилди. Берилген жардамдын жалпы суммасы 40 000 сомго барабар.

  Мындай кайрымдуулук жардам үчүн Чүй областтык майыптар коому “Кыргыз темир жолу” ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаевдин атына өзүнүн ыраазычылык катын жолдоду. Анда айтылгандай темир жолчулардын мындай жардамы аталган коомдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн кошкон зор салымы болуп эсептелет.

  Ал эми Ленин районундагы Ю. Фучик багында жайгашкан багаар көрөөрү жоктордун үйүнө төшөк жууркандар жагынан жардам берилди. Аларга “Кыргыз темир жолу” ишканасы 40 матрац, 40 жамынчы жана 40 комплект төшөк-жууркандарды тапшырды.

  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кезегинде темир жолдо иштеп кеткен карылар үчүн да, кары адамдардын бир айлыгынын алкагында акчалай жардамдарды берди.

 

         

                                    

         

   

Бардык жаңылыктар