"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
17 Сентября 2018
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 17-сентябрынан тартып, 28-сентябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 117-118-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 17-сентябрынан тартып, 28-сентябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.
Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
Бардык жаңылыктар