Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
21 Сентября 2018
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 22-сентябрында Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778 чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө темир жолдогу ремонт иштери жүргүзүлөт.
Бул Бишкек шаарынын Асаналиева (мурдакы Некрасова) жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши.
2018-жылдын 22-сентябрында саат: 09-00 дөн саат: 13-00 гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган участокто сак болуусун суранабыз.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
Бардык жаңылыктар