“Кыргыз темир жолу” футболдук командасы биринчи орунду жеңип алды.
10 Декабря 2013
Ишкананын спортсмендери эн мыкты команда экендигин далилдешти.
Бишкекте өз ыктыярдуу футбол боюнча “Tennisi fut-лига жай-кыш-2013” кубогу үчүн өткөрүлгөн эң ири турнир соңуна чыкты. Ага жалпысынан 48 команда катышып, өткөн жумада беттешүүлөрдүн жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
“Кыргыз темир жолу” командасы “С” группасында жалпысынан 7 оюн өткөрүп, өтө татаал беттешүүлөрдөн кийин жеңүүчү деп табылды.
Биздин футболисттер 6 команданы утуп чыгып, 1 команда менен теңтайлашып бирдей эсепке ээ болду. Турнирдин жыйынтыгы менен 19 упай чогултуп, биринчи орунду жеңип алды.
Сыйлык тапшыруу салтанатында “Кыргыз темир жолу” футболдук командасына “Tennisi fut-лига жай-кыш-2013” кубогу, атайын диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын аскерлештирилген күзөт кызматынын жетекчиси Алмаз Зулпукаровдун айтымында футболдук команданын басымдуу бөлүгү күзөт кызматынын кызматкерлери. Алар үчүн мындан ары да “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жектечилиги тарабынан ар тараптуу колдоолор көргөзүлүп, тийиштүү жардамдар берилип турат.
Учурда “Кыргыз темир жолу” ишканасынын спортсмендери мамлекеттик кызматкерлер арасында өтүп жаткан шаардык турнирге катышып жатышат.
Бардык жаңылыктар