«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
19 Октября 2018
Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 20-октябрында Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.
Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 11-00 дөн тартып, 15-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.
Ыссык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
Бардык жаңылыктар