“Кыргыз темир жолу” – “2013-жылдын мыкты ишканасы” номинациясына татыктуу болду.
17 Декабря 2013
Республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналы 2013-жылдын мыктыларын аныктады.
Аталган журнал буга чейин окурмандарга жарыя берип, эки ай бою Кыргызстандагы эң мыкты ишканалардын арасында добуш берүүнү уюштурган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен алдыңкы ишканалар тандалып алып, алардын рейтинги аныкталды. Добуш берүү көргөзгөндөй “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы, ишкананын Башкы директору Аргынбек Малабаев – “2013-жылдын мыкты ишканасы” номинациясын жеңип алды. Ошентип, темир жолчулар “Жылдын эң мыкты ишканасы” деп табылды.
Сыйлык тапшыруу салтанаты борборубуздагы “Алтын казына” ресторанында өткөрүлүп, ага элибизге белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер, искусство чеберлери жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Аргынбек Малабаевге жылдын мыктысы - статуеткасы жана атайын диплом тапшырылды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов тапшырды.
Белгилей кетсек, сыйлыктар 30 га жакын номинациялар менен ыйгарылды. Алардын арасында “Жылдын бакай атасы” номинациясы - Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевге, “Жылдын мыкты депутаты” номинациясы - Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Бөдөш Мамыровага тапшырылды.
Ошондой эле “Жылдын мыкты меценаты”, “Жылдын алтын үнү” да белгилүү болду. Сыйлык тапшыруу салтанаты искусство чеберлеринин маданий программасы менен коштолду.
Бардык жаңылыктар