Кыргыз Окмөтүнүн “Кыргыз туусу” гезити Аргынбек Малабаев жетектеген “Кыргыз темир жолу” ишканасын - жылдын эң мыкты мамлекеттик ишканасы деп атады.
3 Января 2014
“2013-жылдын эң мыкты мамлекеттик ишканасы”
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы - Башкы директору Аргынбек Малабаев “Кыргыз туусу” Окмөттүк газетасынын эң жогорку сыйлыгына татыктуу болду.
Бул жогорку сыйлык темир жолчуларга -темир жол паркын жана жол чарбасын модернизациялоодо жетишкен албан ийгиликтери үчүн берилип олтурат. 2013-жылы жалпысынан 30 чакырымдан ашык темир жолдогу жыгач шпалдары темир бетон шпалдарына алмаштырылды. Темир жол паркын модернизациялоо багытында компаниянын өздүк каражатына 2 жаңы тепловоз сатылып алынды.
Компаниянын Башкы директору Аргынбек Малабаевдин айтымында алдыда дагы модернизациялоо иштери уланып, жаңы тепловоздор сатылып алынат. Мындан тышкары темир жол секторунда электрификация иштери жүзөгө ашырылмакчы.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы салык жана социалдык төлөмдөр боюнча Кыргызстанда эң алдыңкы 10 компаниянын катарында. Темир жолчулар жыл сайын темир жолу аркылуу 7 млн. тоннадан ашык жүктөрдү ташып, жүргүнчүлөрдү алыскы өлкөлөргө чейин жеткирип турушат.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын эмгек жамааты жана Башкы директору Аргынбек Малабаев бардык Кыргызстандыктарды жаңы 2014-жылы менен куттуктайт. Жаңы жылда тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайт.
Бардык жаңылыктар