"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

18 Апреля 2019

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 22-апрелинен тартып, 26-апрелине чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131 жана 132-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2019-жылдын 22-апрелинен тартып, 26-апрелине чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
 

Бардык жаңылыктар