«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 2013-жылды жыйынтыктап жатат.

28 Января 2014

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жүктөрдү ташуу багытындагы көрсөткүчтөр бир кыйла жогору.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүгүү жана тариф саясаты боюнча Башкармалыгынын маалыматтарына таянсак, 2013-жылдын жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр күтүлүүдө:

Жыл ичинде ташылган жүктөрдүн көлөмү 7 350,0 миң тоннаны түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 108,6% барабар.

Ташылып жеткирилген жүргүнчүлөрдүн саны 408 874 адамга жеткен. Анын ичинен жергиликтүү каттамдарда 303 700 адам, ал эми алыскы каттамдарда 105 174 адам ташылып жеткирилген. 

Бардык жаңылыктар