“Локомотив” ынтымак-биримдикке чакырат

3 Февраля 2014

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын “Локомотив” спорт комплексинде “Ынтымак-биримдик үчүн” деген ураандын астында футбол боюнча турнир болуп өттү.

   Ага Сокулук районунан 26 команда катышты. Алардын арасында райондогу бардык айыл өкмөттөрүнүн жана райондук каттоо кызматынан футболдук командалары бар. Аба ырайынын суук болгондугуна карабастан турнир кызыктуу өтүп, команадалар арасында курч таймаш жүрдү. Кечке чейин созулган мелдештен кийин жеңүүчүлөр аныкталды.
  Турнирде эң жогорку чеберчиликти көргөзүп 1- орунду Дүйшөнкул Шопоков атындагы айыл өкмөтү жеңип алды. Ал эми экинчи орунга Төш булак айыл өкмөтүнүн командасы татыктуу болду. Ошондой эле байгелүү үчүнчү орун “Жаны пахта” айыл өкөтүнүн курама командасына ыйгарылды.
   Белгилей кетсек, аталган турнир “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевдин демилгеси жана колдоосу менен өткөрүлдү. Буга чейин да мындай турнирлер Сокулук районунун борбордук стадионунда бир канча ирет уюштурулган.
   Бул жолу биринчи орунга ээ болгон команда атайын диплом жана 15 миң  сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Мындан тышкары экинчи орун үчүн 10 миң жана үчүнчү орунга 7 миң сом акча каражаты бөлүндү. Турнирди уюштурууга жана байге фондусуна жалпысынан 100 миң сом каражат сарпталды.
   Турнирдин уюштуруучусу Аргынбек Малабаевдин айтымында бул турнир мындан ары да улантылып, өткөрүлүп турат. Эң башкы максат: жаштарды спортко тартуу жана жергебизде ынтымак-биримдикти бекемдөө болуп эсептелет.

         

                                  

                                  

             

Бардык жаңылыктар