Кыргызстандын темир жолчулары өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүүгө даяр

25 Июля 2019

Өзгөчө кырдаалда өзүн-өзү кантип алып жүрүү керек? Айрыкча көп сандаган кызматкерлер иштеген ишканаларда? Мына ушул суроолорду камтыган окуулар “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында болуп өттү.

Ишкана директору Канатбек Абдыкеримовдун пикиринде: “Бул маселе оорчундуу маселелерден. Анткени, өзгөчө кыраалдардын бир нече түрү бар. Маселен табигат кырсыктары жана террористтик актылар. Ошондуктан, бул жерде Кыргыз Ресупбликасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте иш алып баруу максатка ылайыктуу - дейт башкы директор.

Коюлган тапшырманы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын атайын иштер боюнча адиси Советбек Кийизбаев коопсуздук боюнча ревизорлор башкармалыгынын башчысы Акылбек Акматбеков менен биргеликте ишке ашырды.

Аталган иш-чарага 150 адам катышты. Алар филиалдардын жана темир жол бекеттеринин башчылары менен башкармалыктардын жана филиалдардын кызматкерлери. Ал эми лекцияларды Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы адистерди даярдоочу борбордун мугалимдери окушту. Андагы башкы темалар: террористтик акт болгон учурда жана жер титирөө, өрт кырсыктарына кантип туруштук берүү маселеси болду.

Окуулардын жыйынтыгы менен темир жолчулар өзгөчө кырдаалдар учурундагы тартиптер менен кеңири таанышып, ар кандай сыноолорго туруштук бере турган даярдыктардан өтүштү.
 

Бардык жаңылыктар