Япониянын Кыргызстандагы элчилиги “Темир жол ооруканасына” жаңы медициналык жабдууларды тапшырды

10 Февраля 2014

Алар “Лапараскопиялык комплекс” жана “Наркоздук дем алдыруучу аппараты” болуп эсептелет.

Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэнин айтымында Кыргызстанга көргөзүлүп жаткан гранттык жардамдын жалпы баасы 99 миң 200 доллар. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын ооруканасы мындай жабдууга өтө муктаж болчу. “Алар грант аркылуу медициналык жабдуу түрүндө жардам көргөзүүнү суранып бизге кайрылышкан. Бүгүн биз ошол суранычты орундатып, акыркы үлгүдөгү медициналык жабдууларды тапшырып жатабыз” - дейт элчи Такаюки Коикэ.  Аталган жардам Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамзаттын коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында “Темир жол ооруканасында медициналык тейлөөнү жакшыртуу” долбоору аркылуу көргөзүлдү.

  Салтанатка “Кыргыз темир жолу” ишканасынын Башкы директорунун орун басары А. Куралиев катышып, Япония элчилигине ыраазычылык билдирди, жана Башкармалык тарабынан ремонт иштери боюнча колдоо болоорун билдирди.  

  Учурда ичеги-карын ооруларына дүнүйө жүзүндө дал ушул “Лапараскопиялык комплекс” аркылуу операция жасалат. Анын өзгөчөлүгү оорулуунун денесин кеспей эле компьютерлештирилген монитор аркылуу бир нече операциянын түрүн жасоого болот. Эми аталган оорукана темир жолчулардан тышкары карапайым калкты да ушул жаңы жабдуу менен тейлеп турушат.

         

         

                                                            

 

Бардык жаңылыктар