“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Абдыкеримов Канатбек Абдыжапаровичтин куттуктоосу

2 Августа 2019

Урматтуу темир жолчулар! Урматтуу ардагерлер!

Быйылкы жыл Кыргызстандын темир жолчулары үчүн өзгөчө жыл. Анткени, Кыргыз темир жолунун түптөлгөндүгүнө 95 жыл толуп олтурат. Албетте, бир кылымга тете мезгил ичинде темир жолу ар кандай кырдаалдарды баштан кечирди. Ийгиликтер менен кошо кыйынчылыктар да болду. Бирок, темир жолчулар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бийик максаттарды багынтып, жетишкендиктерге жетише алды.

Бүгүнкү күндө өтө тез темп менен өнүгүп жаткан маалымат технологиялары темир жол тармагын да жаңыча иштөөгө мажбурлайт. Айрыкча быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” темир жолун санариптештирүү максатында өзүнчө иш-чаралар кабыл алынган. Учурда аталган Концепциянын “Жол картасынын” алкагында ишканабыз “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулган. Ошондой эле электрондук документ жүгүртүүгө өтүү, жүк ташуулар боюнча онлайн режимде маалымат алуу жана интернет аркылуу вагондорго арыз берүү маселелерин чечүү боюнча иш жүрүп жатат. Ал эми аймактарды өнүктүрүү максатында темир жолдун түштүк бөлүмүндө тийиштүү иштер башталган. Мындан тышкары инвестициялык долбоорлор, вагон, локомотив паркын жаңылоо жана темир жолун модернизациялоо багытында конкреттүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу эл аралык долбоорунун алкагында “Россия темир жолу” ишканасындагы кесиптештерибиз менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда.

Мен терең ишенем, темир жолчулар сөзсүз алдыга койгон асыл максаттарын ишке ашырат. Бул үчүн ынтымак-биримдик менен эмгектенүү гана керек.

Сиздерди чын жүрөгүмдөн кесиптик майрамыңыздар – темир жолчулар күнү менен куттуктаймын. Кыргызстандын темир жолу кылымга тете жолду басып өтүп, өзүнүн 95 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Андыктан, сиздердин ар бириңиздерге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакыт каалаймын. Жасаган эмгегиңиздердин акыбети кайтып, бакубат жашоого жетишели.

Майрамыңыздар менен!

Урматым менен,
Канатбек Абдыкеримов

 

Бардык жаңылыктар