Кыргызстандан 41 Афган согушунун ардагерлери Россиянын “Афганская слава” ордени менен сыйланды.

17 Февраля 2014

Мындай жогорку наамды Россия Федерациясынын “Афганчылар союзу” “Кыргыз темир жолунда” иштеген Афган согушунун ардагерлерине жиберген.

   Алар өз кезегинде Афган согушуна катышып, интернационалисттик милдеттерин татыктуу аткарып келишкен. Россиянын аталган медальы “Афганская слава” деп аталып, атайын төш белги жана күбөлүктөн турат. Бул жогорку сыйлыкты “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында өткөн Афганчыларды эскерүү жыйынында ишкана жетекчисинин орун басары А. Куралиев тапшырды.

   Мындан тышкары ар бир Афган согушунун ардагери жана Кыргызстандын коопсуздугун сактоого катышкандар үчүн ишкананын атынан 1 500 сомдон акчалай сыйлык, Афганчылар уюмуна баалуу белектер берилди. Көргөзүлгөн акчалай жардамдын жалпы суммасы 80 миң сомго барабар.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында учурда 41 Афган согушунун ардагери эмгектенет. “Бүгүнкү күндө алар үчүн такай ар тараптуу колдоолор көргөзүлүп турат жана мындан ары да көргөзүлө бермекчи” – дейт А. Куралиев өз сөзүндө.

            

            

            


 

Бардык жаңылыктар