Мекенди коргоочулардын күнүнө карата – муз үстүндө жалаң жигиттер мелдешке чыгышты
20 Февраля 2014
“Локомотив” спорт комплексинде өткөн муз үстүндөгү мелдеш 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды.
Ага “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан 10 команда катышып байге фондусу 10 000 сомду түздү. Мекеменин Башкы директору Аргынбек Малабаев эр-жигиттерди куттуктап, мында эң күчтүүлөр гана жеңишке жетишээрин айтты. Ошондой эле калыстар тобун мелдешке калыс, акыйкат баа берүүсүн суранды. Мелдештин жүрүшүндө командалар арасында кызыктуу, жана курч таймаштар жүрдү. Муз үстүнө чыгыш үчүн темир жолчулар алдын-ала атайын 8 машыгууга катышып, даярданышкан. Жигиттерди коньки, форма менен “Кыргыз темир жолу” ишканасы камсыз кылган. Ошентип, 2 саатка созулган жарыштан кийин жеңүүчүлөр аныкталды.
1-орун “Жол чарбасы боюнча филиалына” ыйгарылып, аларга диплом жана 4 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми 2-орунга “Аскерлештирилген күзөт кызматы” татыктуу болду. Аларга диплом жана 3 000 сом акчалай сыйлык берилди. 3-байгелүү орун “Жүктөрдү жүктөө жана түшүрүүнү камсыз кылуу боюнча филиалынын” жигиттерине ыйгарылды.
“Бул мелдеш - Мекенди коргоочу эр-жигиттердин ден-соолугун бекемдеп, аларды сергек жашоого чакырат, биз мындай иш-чараны мындан ары да улантабыз” - дейт Аргынбек Малабаев өз сөзүндө.