“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2013-жылы 7 миллион тоннадан ашык жүк ташыды.

25 Февраля 2014

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын негизги милдеттеринин бири жүктөрдү ташуу.

  Темир жолчулар өткөн жылы жүк ташуунун көлөмүн  8 % га чейин жогорулатууга жетише алышкан. Башкача айтканда, 2013-жылы 7 млн. 390 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Бул деген канчалаган курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана өнөр жай жабдуулары өз убагында белгиленген жерге чейин жеткирилди дегенди билдирет. Натыйжада жүктөрдү айлантуунун жалпы көлөмү 1 млн. 100 миң тонна чакырымдан ашкан. Мында албетте, ишканадагы жүктөрдү ташуу Башкармалыгынын салымы чоң.

  Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу багытында көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:
2013-жылда жалпысынан 407 миң жүргүнчү ташылып жеткирилген болсо, анын ичинен эл аралык каттамдарда 104 миң 300, жергиликтүү каттамдарда 302 миң 700 адам ташылган.

  Ишкананын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү да жогору. Темир жолун модернизациялоо жана ремонт иштеринин алкагында 27 миң чакырым темир жолу капиталдык ремонттон өттү. Анда эскирген шпалдардын ордуна 43 миң 185 даана темир бетон шпалдары төшөлүп чыкты. Жалпысынан азыркы учурда 67 миң 214 даана темир бетон шпалдары орнотулду.

   Вагон-тепловоздордун техникалык абалы да жакшырды. Тактап айтсак, 2013-жылы жалпысынан 406 вагон ремонттолсо, анын ичинен 273 жүк ташуучу, 133 жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондор капиталдык ремонттон өттү.

  Ал эми финансылык көрсөткүчтөргө кайрылсак, “Кыргыз темир жолу” ишканасы жыл ичинде казынага салык түрүндө 434, 2 млн. сом, социалдык төлөмдөр боюнча 283,7 млн. сом каражат төлөп берди.

  Ардагерлер кеңешинин маалыматы боюнча ардагерлерди социалдык жактан колдоо боюнча да жылыштар бар. Жаңы жылдан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын 2 миң сомдон, тылда эмгектенгендерге 1 миң 500 сомдон акчалай кайрымдуулук жардам бериле баштады. Ошондой эле “Кыргыз темир жолу” тарабынан ар квартал сайын дарыланууга жана дары-дармектер үчүн 50 миң сом каражат берилип турат.
  
  Мындан тышкары соңку 20 жыл ичинде чечилбей келген тепловоз маселеси оң жагына чечилип, 2013-жылы Кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен 2 жаңы тепловоз сатылып алынды.  
   
  

 

Бардык жаңылыктар