Бишкек-Новосибирск поезд каттамы ачылды

10 Декабря 2019

Эми Кыргызстандын эмгек мигранттары Бишкек шаарынан Новосибирск шаарына чейин түз поезд менен бара алышат. Ошондой эле Новосибирск шаарынан кайра Бишкек шаарына чейин келсе болот.

8-декабрьдан тартып №385/386 “Бишкек-Новосибирск”, “Новосибирск-Бишкек” поезд катамы иштей баштады.

Эске салсак, Новосибирск шаары Россиянын чоң шаарларынын ичинен 3-орунду ээлеп турат. Эң ири темир жол байланышы бар шаар болуп эсептелет. Россиянын баардык шаарларына поезд каттамдары иштейт. Демек, андан ары каалаган шаарга Россия темир жолунун поездери менен жетип алууга болот.

Мындан тышкары Новосибирск шаарында эң ири Кыргыз диаспорасы бар. Ошондой эле Сибирь аймагын камсыз кылган ири кийим-кече базары жайгашкан.

Мына ушул жагдайларды эске алуу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги “Россия темир жолу” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган поезд катамын ачууга жетишип олтурат.

Бардык жаңылыктар