КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ

10 Января 2020

Б У Й Р У К №1 09-январь 2020-жыл

2016-жылдын 30-декабрындагы №428 “Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана жүктөрдү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин буйругу

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  айрым мыйзам чыгаруу укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өкүлдөө тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жана “Темир жол транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу үчүн, ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” Мамлекеттик ишканасындагы санариптештирүү иш-чараларын ишке ашыруу максатында,
                                                               

                                                                              БУЙРУК КЫЛАМ:

2016-жылдын 30-декабрындагы №428 “Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана жүктөрдү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын "Транспорт жана жол министрлигинин буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда агалган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана жүктөрдү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу эрежелерине:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«Эл аралык жүргүнчү каттамдарында жүк ташуу келишимин түзүүнү тастыктаган жол жүрүүгө укук берген документ, тиешелүү бланктарда автоматташтырылган же автоматтык эмес (кол менен) ыкмада таризделген, же электрондук түрдө түзүлгөн жол жүрүү документи болуп эсептелет.
Электрондук жол жүрүү документи кагаз түрүндө басылат же электрондук-санариптик каражаттар менен (телефон, планшет ж.б.) орундукка отургузуу документи түрүндө берилет (контролдук купон), ал электрондук жол жүрүү документинин визуалдык түрү болуп эсептелет жана улуттук жүк ташуучу жүргүнчүнү ташууга байланышкан ар кандай кыймыл-аракеттерди электрондук жол жүрүү документи менен жасоо зарыл болгон бардык учурларда жүргүнчү тарабынан көрсөтүлөт».

2. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” Мамлекеттик ишканасы бул буйрукту аткарууга алсын.

4. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү расмий жарыялангандан үч жумушчу күндүн ичинде эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жана электрондук түрүндө, аны жарыялоонун булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Б. Ч. Бердалиевге жүктөлсүн.

 

                                                        Статс-катчы                             Э. Мамыркалиев

Бардык жаңылыктар