Кыргызстандан Грузияга темир жолу аркылуу мазутту экспортто башталды

30 Января 2020

2019-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Туркменистан жана Өзбекстан темир жол башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп өткөн.

Тараптар эл аралык мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү, контейнердик поездерди тоскоолдуксуз кыска убакыттын ичинде өткөрүү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу маселелери боюнча макулдашууларга жетишишти. Бул Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттери ошондой эле Европа өлкөлөрү менен Азия континенттеринде соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

 Биринчи жүк ташуучу поезд Кыргызстандын Карасуу темир жол бекетинен Грузиянын Батуми темир жол бекетине 2020-жылдын 21-январында жөнөп кетти. Жүктүн көлөмү 49 цистерна мазутту түзөт. Ал эми 2020-жылдын 22-январында экинчи поезд кеткен. Жүктүн көлөмү 48 цистернага барабар. Аталган курам транзит аркылуу Өзбекстан, Туркменистан жана Азербайжандын аймагы менен 33 сааттын ичинде ийгиликтүү жеткирилген.  

2020-жылдын 28-январында Карасуу темир жол бекети дагы 24 цистернаны кабыл алды.

Аталган жүктү жөнөтүүчү “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому. Ал эми экспорттолгон жүк: мазут-100 продукциясы.

Бардык жаңылыктар