Темир жолдо дин тутуу эркиндиги боюнча окуулар өттү

7 Февраля 2020

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында аскерлештирилген күзөт кызматы иштейт. Алар күнү-түнү темир жол объектилерин кайтарып, ташылып келе жаткан жүктөрдү коштоп турушат.

Аталган кызматтын өзүнүн уставы бар жана ошого ылайык иш алып барышат. Анда кызматкерлердин өзүн-өзү алып жүрүүсү, зарылчылык болгон учурда курал колдонуу жана эл менен болгон байланыштар боюнча атайын пункттар киргизилген. Ал эми дин тутуу эркиндиги жана жамааттын ичиндеги ынтымак-биримдик маселеси дал ушул бүгүнкү окууда талкууланды.

Алгач, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү Улук Акимов менен Адилет Байгазиев агартуу иштери жана дин тутуу эркиндиги боюнча маалыматтарды берип өтүштү. Андан соң кызматкерлердин суроолоруна так жоопторду беришти. Темир жолчуларды кызыктырган суроолор негизинен дин жолундагы адамдар өзүн-өзү кандай алып жүрүш керек, дресс-кодду сактоо жана сырткы дүйнө менен байланыш туурасында болду.

Ошондой эле учурдагы курч болгон маселе экстремизм жана терроризм боюнча да сөз жүрдү.

Мындай окууларды алдыда дагы такай өткөрүп туруу жагы белгиленди.

Бардык жаңылыктар