КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

31 Июля 2020

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күндү кыргызстандыктар дасторкон жайып, ак тилек,  ачык маанай менен тосуп алышат. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам келечекке зор үмүт жаратат.
Бул ыйык күндө баарыңыздардын аруу ой-тилегиңиздер орундалсын. Ар бир үй бүлөгө чың ден соолук, бейпилдик, кубаныч, бакыт жана тынчтык каалайбыз!

Айтыңыздар маарек болсун!

Бардык жаңылыктар