Мамлекеттик тил күнү

23 Сентября 2020

Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо

Урматтуу кыргызстандыктар!


«Кыргыз темир жолу» УК» МИ атынан жана өзүмдүн атымдан  23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.


Мамлекеттик тилибиз - өлкөнүн башкы байлыгы жана элдин сыймыгы.  Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары калыптанышынын татаал тарыхый жолуна карабастан, элибиз тилди сактап кала алды, бул биздин каада-салттарды, үрп-адаттарды бүгүнкү күнгө чейин сактоого жана эстеп калууга көмөктөшү шексиз.


Кыргыз тили көзкарандысыз кыргыз мамлекети үчүн өтө маанилүү, анткени бул биздин көп улуттуу республиканын биримдигинин символу.  Тилибиз мекендештерибиздин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөө үчүн көпүрө болууга багытталган.  Мамлекеттин туруктуулугун жана өнүгүүсүн сактоо үчүн ар бир жаран мамлекеттик тилди билип, келечекте аны сактап калууга болгон күч-аракетин жумшашы керек.  Биз кыргыз тилин сыйлап, баалашыбыз керек.


Сиздерди дагы бир жолу Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм, өлкөбүзгө бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!

 

Урматым менен,

«Кыргыз Темир Жолу» УК» МИнин башкы директору

Бардык жаңылыктар