"Кыргыз темир жолу" УК" МИ 2021-жылга эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддердин кыймылынын графигин иштеп чыгууну аяктады

27 Ноября 2020

Бул график жүргүнчү ташуучу поезддердин кыймылы иштей баштаганда күчүнө кирет.

       "Кыргыз темир жолу" УК "Мамлекеттик ишканасы Россия жана Казакстандын темир жол администрациялары менен биргеликте 2021-жылга  эл аралык ташуулардын жүргүнчү ташуучу поезддеринин кыймылынын графигин иштеп чыккандыгын маалымдайт.

       Натыйжада, 2021-графикте жүргүнчү ташуучу Бишкек - ​​Москва жумасына эки жолу, Бишкек - ​​Казань жумасына бир жолу, Бишкек - ​​Новосибирск сегиз күндө бир жолу жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыймылынын көлөмү сакталып калган.

       Бул поезддер Россиянын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча чектөө чаралары алынгандан кийин жүгүртүүгө киргизилет.

       Ошол эле учурда, биздин Компания республикалык штабдын уруксаты менен, республиканын ичиндеги Бишкек-Кайыңды, Бишкек-Кара Балта, Бишкек-Токмок каттамдары үчүн бекитилген “Республикалык байланыш жүргүнчүлөр менен ташууну коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар алгоритмдердин сакталышын эске алуу менен  ишке ашырууда.

       Эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддер 2020-жылдын 17-мартынан, республиканын ичиндеги поезддер 2020-жылдын 25-мартынан баштап убактылуу токтотулгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бардык жаңылыктар