"Кыргыз Темир Жолу" УК" Мамлекеттик ишканасы жана "Локомотив" ДСК жаңы жылдын алдында "Балдар айылы - SOS" балдарына кубаныч тартуулашты

23 Декабря 2020

3 күндүн ичинде муз аянтына SOS Балдар айылынан 200дөн ашуун адам барды.

     Кыргыз темир жолу” УК” Мамлекеттик ишканасы “Балдар айылы-SOS” балдарына Жаңы жылга чейин муз аянтчасына үч күндүк акысыз барууну тартуулады.

     “Локомотив” ДСК 21, 22, 23-декабрда эртең мененки убакытты “Балдар айылынын SOS”долбоорлорунун балдарына жана үй-бүлөлөрүнө муз аянтчасына  барууга убакыт  бөлүп берди. Бул долбоорлорго “Мурас-Ордо”, “Ак-Жар” конуштарындагы көп балалуу үй-бүлөлөр жана балдар айылынын балдары кирди.

      Мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар жалгыз бой эне Канышай Турганбаева балдардын жакшы маанай тартуулаган  мүмкүнчүлүк  үчүн жана “Локомотив” ДСКтин директору А.Алиевге жана “Кыргыз темир жолу” УК”Мамлекеттик ишканасынын башкы директору В.Дашковго терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, “Балдар айылынын – SOS” директору Сулайманова Р.Д. ыраазычылык каттарын тапшырды.


      Биздин кайрымдуулук иш-чаралар ушуну менен эле токтоп калбастан, өлкөбүздүн көптөгөн балдарын кубанта алабыз деп ишенебиз. Андыктан бакыт үчүн аз гана нерсе керек, бири-бирибизге кубаныч тартуулайлы!

Бардык жаңылыктар