Республиканын ичиндеги жүргүнчү ташуучу поезддеринин каттамын калыбына келтирүү

28 Декабря 2020

     “Кыргыз темир жолу” УК”мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 24-декабрдагы № СВ-07-1132 (шилтеме каты) менен зарыл санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен Бишкек - Токмок - Бишкек, Кайыңды - Бишкек - Кайыңды, Кара-Балта - Бишкек – Кара_Балта багыттары боюнча республикалык ички каттамдын жүргүнчү ташуучу поезддеринин кыймылын калыбына келтирүү жөнүндө макулдугун бергендигин билдирет.

     2020-жылдын 31-декабрынан баштап, жогоруда аталган каттамдар бардыгы күн сайын, ал эми Кара-Балта - Бишкек – Кара-Балта күнүнө 2 маал болот. Өзгөртүүлөрдөн: Кайыңды - Бишкек - Кайыңды өзүнчө пункттарында “Лицей” жаңы аялдамасы пайда болот жана Кара-Балта - Бишкек – Кара-Балта поезди Бишкек-1 бекетинечейин барат. Поезддердин кыймылынын жүгүртмөлөрүн маалымдама номерлеринен жана темир жол бекеттеринен табууга болот.

      Сиздерден “Кыргыз темир жолу” УК”мамлекеттик ишканасынын республикалык ички каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин катуу сактоону суранабыз (беткап кийип, колду дезинфекциялап, аралыкты сактоо).

Бардык жаңылыктар