Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыктары

24 Марта 2021

    2021-жылдын 16-17-мартында, Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы), «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы »Мамлекеттик ишканасынын башкы директору В.А.Дашков  иш сапары менен " Узбекистон темир йуллари " АКнун  Башкармасынын төрагасынын убактылуу башкаруучусу  Х.Н.Хасилов менен жолугушту.

    Эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү, ошондой эле башка бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

    "Кыргыз темир жолу" УК Мамлекеттик ишканасынын башкы директору В.А.Дашков   Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүү элементи үч тараптуу эксперттик жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн алкагында бардык тараптардын деталдарын жана позицияларын тактоо экендигин белгиледи.

    Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, макулдашуу түзүлүп, Ташкент - Ысык-Көл (Рыбачье) - Ташкент маршруту боюнча жүргүнчү ташуучу поездди дайындоо ушул жылдын май айынан баштап жумасына бир жолу беш ай бою жүргүзүлөт. Бул жолдун ачылышы эки мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот.

Бардык жаңылыктар