Кооптуу таштарды түшүрүү

2 Апреля 2021

     «Кыргыз темир жолу» УК» МИ Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы, Боом капчыгайынын жол бөлүгүндө автоунаа жана темир жол кыймылынын коопсудук иш-чараларына  ылайык, 2021 жылынын 5-9 апрельге чейин, 3885 км Джиль-Арык –РЗД 148 (117 км), 3886 км Джиль-Арык –РЗД 148 (118 км) кооптуу таштарды түшүрүү болотурганын кабарлайт.

     КР ИИМ алдындагы ЖКККББ кызматкерлеринин жетекчилиги менен жол жумуштары күндүзгү саат 9.00дөн 15: 00гө чейин  жергиликтүү убакыт боюнча аткарылат.

     Унаа кыймыл маршрутуңузду алдын-ала пландаштырууну суранабыз.

Бардык жаңылыктар