Кооптуу таштарды түшүрүү

30 Апреля 2021

     «Кыргыз темир жолу» УК» МИ Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы автоунаа жана темир жол кыймылынын коопсуздук иш-чараларына  ылайык, 2021 жылынын 3-7 майга чейин (5 майдан тышкары), 3901 км РЗД-Каямат-Куркол (жолдун 131 км) кооптуу таштарды түшүрүү болотурганын кабарлайт.

      КР ИИМ алдындагы ЖКККББ кызматкерлеринин жетекчилиги менен коопсуздук иш-чаралары жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз саат 9:00-15:00 го чейин аткарылат. Жол тазалоо убакытында, унаалар жолдун бир тарабынан өткөрүлөт.

     Унаа кыймыл маршрутуңузду алдын-ала пландаштырууну суранабыз.

Бардык жаңылыктар