“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы "мамлекеттик ишканасы темир жолчулардын атынан Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөттү

4 Мая 2021

      2021-жылдын 4-апрелинде “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы "мамлекеттик ишканасы темир жолчулардын атынан Баткен облусуна 2 жүк ташуучу гуманитардык жардам жөнөттү.

      Гуманитардык жүк 20 тонна тамак-аш азыктарын (ун, күрүч, кант, макарон, чай, туз, май жана башка) жана самын жуугучтардан турат. Мындан тышкары, шейшептер 600 комплект (матрацтар, жаздыктар, жууркан, шейшептер, жаздык шейшептер ж.б.) бөлүнгөн.

      Жүктү “Кыргыз темир жолу” УК мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлешкен күзөт менен камсыздоо  филиалынын  жетекчилиги коштоп, барат.

      “Кыргыз темир жолу”УК мамлекеттик ишканасынын бардык кызматкерлеринин атынан курман болгондордун жакындарына жоготуу кайгысы  менен тең бөлүшүп, алардын жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз.

Бардык жаңылыктар