Сакиев А.А.«Кыргыз темир жолу» Улуттук Компания» Мамлекеттик Ишканасынын Башкы Директору болуп дайындалган

28 Июня 2021

     2021 жылынын 25 июнь күнүнөн тарткан Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы У.А.Мариповдун №200 тескемеси боюнча Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук Компания» Мамлекеттик Ишканасынын Башкы Директору болуп Сакиев Азамат Абдукаримович дайындалган.
     Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлчүлүгү негиз болгон.
     Сакиев А.А. 20.02.1989 жылы туулган. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы. Билими жогорку, башкаруу адиси (Nottingham University UK, International Business; Malaysia). 2019-жылы " Кыргыз Темир Жолу "Мамлекеттик ишканасында эмгек жолун баштаган, кызматка дайындалганга чейин" Кыргыз Темир Жолу "УК" Мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалынын "Мамлекеттик сатып алуулар" бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген. .

Бардык жаңылыктар