Кыргыз темир жолунун тарыхынан

23 Июля 2021

Кыргыз Республикасында темир жол транспортунун пайда болушу XX-кылымдын башында, 1915-жылы республиканын түштүгүндөгү Кара-Суу станциясынан Жалал-Абад станциясына чейинки темир жол линиясынын бөлүктөрү курулуп, туруктуу пайдаланууга берилгенден тарта, ошондой эле түндүктөгү Түрксибдин курулушуна байланыштуу болгон.

 Түрксиб (Түркстан-Сибирь магистралы) - 1913-1931-жж. курулган темир жол, Орто Азияны Сибирь менен байланыштырып, бул аймактардын ортосунда кыска транспорттук байланышты камсыз кылган, Орто Азия республикаларында пахтачылыктын кеңири өнүгүшүнө шарт түзүп, аларды Сибирден келген нан менен камсыз кылып турган. 1924-жылдын 7 айында (февраль-август) 266 чакырымдык Аулие-Ата-Пишпек темир жолу пайдаланууга берилген.
 Пишпек станциясындагы биринчи поезд 1924-жылы 8-августта келген. Кыргызстандын эмгекчил эли бул көрүнүктүү окуяны кубаныч менен тосуп алышкан.
 Уландысы бар...

Бардык жаңылыктар