“Кыргыз темир жолу”мамлекеттик ишканасы жана Кытай темир жолу ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

23 Сентября 2021

“Кыргыз темир жолу” “УК мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу ЖЧКсы кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюшту.


    Бул документ “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу жана Турксиб-Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол коюлган. Жакын арада аталган кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы Кыргыз Республикасына келип, жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө.
    Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолу” МИнын өздүк өндүрүштүк базасында темир-бетон шпалдарды  өндүрүү боюнча заводду куруу маселеси да иштелип жатат. Бул темир жолдун үстүнкү курулуштарын модернизациялоодо бөлөк мекемелерден шпалдарды сатып алуу көз карандылыгын жоёт. Завод курууну каржылоо маселеси инвесторлор менен кызматташуунун натыйжасында жана “КТЖ” мамлекеттик ишканасынын өздүк эсебинин негизинде ишке ашат.
    Мындан тышкары, кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан мамлекеттик каражаттардын эсебинен 20 км рельс сатып алуу боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө.
    100 жүк ташуучу вагондорду алуу пландарын ишке ашыруу кыргыз темир жолунун кыймылдуу составын жаңыртууга жана чарбалык субъекттердин жүк темир жол транспорту менен керектөөлөрүнүн өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда 50 жүк ташуучу вагон 2021 -жылдын аягына чейин, калган 50 жүк вагону 2022 -жылдын экинчи кварталында сатылып алынат.

 

Бардык жаңылыктар