Венера Акматова: “Мыкты ыр жазып алсаң эргүүсү эбегейсиз”

6 Октября 2021

“Кыргыз темир жолунда” ар кандай кызмат аткарган таланты ташкындаган кызматкерлерди жолуктурса болот. Алардын бири - Венера Акматова, мамлекеттик ишкананын электр энергиясы, белги берүү жана байланыш менен камсыздоо боюнча филиалында - электро монтёр кызматын аркалап келет.


- Саламатсызбы, алгачкы ырларыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
- Мектепте уюштургуч, активист болчумун, 5-6 класстан баштап ар кандай кечелерге, майрамдарга, эжей-агайларга, ата-эне, мекенге арналган ырларым дубал газетасына чыгып баштаган. 9-класста алгачкы лирикалык ырымды жазгам. Мектеп курагымда жазылган "Жумгалым", "Тирүүлүк",  "Балалык" аттуу ырларым алгачкы "Табылгам" ырлар жыйнагына кирген. Студент кезимде Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунда  катчы болуп иштегениме байланыштуу, акын-жазуучуларды жакындан таанып, жаш акындарга багыт берген ар кандай адабий ийрим, чыгармачыл коомдорго мүчө болуп баштагам. Алгачкы ырлар жыйнагым 2011-жылы Кыргыз патент тарабынан "Табылгам" деген аталышта жарык көргөн. 2013-жылы "Адемим" ырлар жыйнагы, аудио дисктери жана роликтер чыкты.

- Илхом кандай учурда келет?
- Илхом ар кандай учурда келет. Бир башкача сезим. Сөз менен айтуу кыйын. Мыкты ыр жазып алсаң эргүүсү эбегейсиз. Көбүнчө чыгармачыл чөйрө менен кезигишкенде, ойлондуруучу маселелер келип чыкканда, кубанганда же кайгырганда келет. А атайын даярданып ыр жазам деп отуруп жазуу мүмкүн эмес. Андай ырлар жөн эле уйкашкан, жамак ырлар болуп калат, жасалмалуу. Ырлар жыйнагымда көбүнчө Лирикалык чыгармаларым басымдуулук кылат. Учурда, үй-бүлөгө, балага, ата-энеге арналган ырларды жазып жүрөм.

- Ырларыңыздан башка тилдерге которулгандары барбы?
- Ооба, мисалы 2019-жылы Түрк тилине которулуп, Түрк тилинен кайра Азербайжан тилине которулуп ошол эле мамлекет тарабынан Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы азербайжан тилинде жарык көргөн.  Саналуу акындардын катарында Азербайжан республикасынын Баку шаарында өткөн Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясынын презентациясына катышып келдим. 2020-жылы "Янги Овоз" аттуу Борбордук Азиянын акын, жазуучулар жана тарыхчылар союзуна мүчө болуп, ич ара өтүп турчу конкурстарына катышып, грамота, төш белгилери менен сыйландым. Кыскасы былтыркы пандемияга чейин чыгармачылыкты жакшы ийгиликтер коштоп турганы толкундандырды.

- Кыргыз темир жолунда кандай жумуш аткарасыздар?
-Мекеменин электр энергия бөлүмүндө иштейм. Ай сайын электр жарыгы үчүн коюлган эсеп дүмүрчөгүн текшерип, эсептеп, эсебин кайра таратып, электр жарыгына жана байланыш телефонго төлөй турган абоненттик төлөмдөрдү кабыл алабыз. Иш убактысы эртең мененки 8-00 дон 17-00 го чейин. Түшкү тамактануу учурунда да төлөмдөр кабыл алына берет. Эсеп дүмүрчөгүнүн мөөнөтү бүткөн учурда, же ар кандай кырдаалда кайрылган абоненттердин иш кагаздарын кабыл алып, кызыккан суроолоруна толук малымат берип турабыз. Ар кандай мүнөздөгү абоненттер келет, биз аларды түшүнүү менен кабыл алып, көйгөйлөрүн чечип бергенге далалат кылабыз. Кесиптештерим да жылуу мамиле жазап турушат. Ынтымактуу, көңүлдүү иштейбиз. Кыргыз Темир Жолунда иштегениме сыймыктанам.
- Маегиңизге чоң рахмат.

Сыйлыктары:
2011-жылы Улуттук Жазуучулар Союзуна мүчө болгон.
2013- жылы "Алтын калем" сыйлыгы,  "Жылдын мыкты жаш акыны".
2020-жылы Кыргыз Радиосу тарабынан уюштурулган "Эргиме" долбоорунун жеңүүчүсү.
2020-жылы "Янги Овоз (Өзбек тилинен которгондо "Жаңы Добуш") акын, жазуучулар жана тарыхчылар союзунун "Мыкты акын" төш белгиси жана ардак грамотасы,  жана  ар кандай поэзия кечелерине катышкандыгы үчүн ардак грамоталар, мактоо баракчалары менен сыйланып келет.

Бардык жаңылыктар