Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

8 Октября 2021

“Кыргыз темир жолу” УК ” мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 11-15-октябрында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында, (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым -жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат.

30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар