"Мыкты футболчу", "Мыкты дарбазачы" - Бишкекте темир жолчулардын спорттук иш-чарасы өткөрүлдү

18 Октября 2021

16-октябрда Бишкек шаарында "Кыргыз темир жолу" УК” мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн командалары кичи футбол боюнча Башкы директордун өтмө кубогу үчүн күч сынашты.

Спорттук иш-чараны ачып жатып, компаниянын башкы директору Азамат Сакиев катышуучуларды куттуктап, командаларга ийгилик каалап өттү.


«Бул иш-чаранын негизги максаты - жолдоштук рухту чыңдоо, сергек жашоого чакыруу», - деп кошумчалады ишкананын жетекчиси А.Сакиев.
Жалпысынан 15 команда ат салышып, анын ичинен  оюндун жыйынтыгы боюнча   төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун - Аскерлештирилген күзөт кызматы(ВОХР);
2-орун - Жол чарба филиалы;
3-орун - Бишкек-1 станциясы.

"Мыкты футболчу" номинациясы Аскерлештирилген күзөт кызматынын кызматкери Аскат Жекшеналиевге, ал эми "Мыкты дарбазачы" наамы компаниянын түштүк бөлүмүнүн кызматкери Нурмухамед Халдаровко ыйгарылды. Кошумчалай кетсек, түштүк бөлүмүнүн курама командасы 4-орунду ээлешти.


Белгилей кетсек, Башкы директордун өтмө  кубогу биринчи жолу ойнотулуп жатат, бул иш-чара жыл сайын өткөрүлмөкчү.
 

Бардык жаңылыктар