Бишкекте "Кыргыз темир жолу" менен Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу” ЖЧКсы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу маселелери талкууланды

29 Октября 2021

2021-жылдын 25-октябрында Кыргыз темир жолунун башкы директору Азамат Сакиевдин жана Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу” ЖЧКсынын делегация башчысы, “Кытай эл аралык инеженердик тобу” (CОVEС) ЖЧКсынын Борбордук жана Батыш Азия боюча аймактык директору Дзен Линбо мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тараптар Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык жана башка долбоорлорду талкуулашты.

Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек-Кайыңды, Бишкек-Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилери, сунушталган Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече багыты боюнча таанышуу, Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана коммуникация министрлигиндеги жолугушуу, ошондой эле жогоруда аталган долбоорлор боюнча техникалык документтерди изилдөө мерчемделген.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында cентябрь айында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу” ЖЧКсы ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Бардык жаңылыктар