Кант-Ивановка тилкесинде темир-бетон шпалдарын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү

10 Декабря 2021

Кант-Ивановка участкасынын 3811-чакырымында темир-бетон шпалдарын Фоссло бекиткичи менен алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу»УК»МИнин Жол чарба боюнча филиалынын жетекчиси Куралиев Нурбек билдирди.

«Жумуш 22-ноябрдан 26-ноябрга чейин жүргүзүлүп, филиалдын 110 кызматкери тартылды. 1000 метр жолду алмаштырууга 1840 даана темир-бетон шпалдары төшөлөт», - деп кошумчалады ал.

Маалымат үчүн:
Жолдун үстүнкү конструкциясын жаңылоонун алкагында Фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен темир жолду оңдоонун жаңы ыкмалары киргизилген.  Бул чечим жол инфраструктурасын иштетүү убактысын көбөйтүүгө жана темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Бир даана бетон шпалдын салмагы 260 килограммга жакын.

Бардык жаңылыктар