Коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча иш-чаралар

10 Декабря 2021

Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында «Кыргыз темир жолу»УК» Мамлекеттик ишканасынын административдик-кызматтык жайларда санитардык тазалоо боюнча туруктуу иш жүргүзүлүүдө.

Темир жол ооруканасынын медициналык кызматкерлери менен биргеликте компаниянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу жана эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кызматкерлер темир жол ооруканасында эмдөөдөн өтүшүдө. Буга чейин коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөн кызматкерлер ревакцинациядан өтө башташты.

Бүгүнкү күндө ишкананын 1000ден ашуун кызматкери эмдөөдөн өттү.

Бардык жаңылыктар