Кыргызстанга жүк ташуучу жарты вагондордун биринчи партиясы келди

23 Декабря 2021

“Кыргыз темир жолуна” УК”МИге «Алтайвагон» ААКсынан 10 жүк ташуучу жарты вагондор келди, ал эми калган вагондор 2022-жылдын биринчи кварталында келиши күтүлүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин айтымында, өлкөгө жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясынын келиши – кыргыз темир жолун жаңылоонун башталышы болуп саналат.

Андан соң министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты, «Бишкек 1» темир жол станциясындагы жүргүнчүлөр вагонун оңдоо заводун, локомотив депосун, диспетчердик пунктту кыдырып чыкты. Ошондой эле ал ишкана жамааты менен жолугуп, анда мамлекеттик ишкананы өнүктүрүү планы тартууланды.

“100 жүк ташуучу жарты вагондорду алуу пландарын ишке ашыруу кыргыз темир жолунун кыймылдуу составын жаңыртууга жана чарбалык субъекттердин жүк темир жол транспорту менен керектөөлөрүнүн өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, - деди компаниянын башкы директору Азамат Сакиев.

Иш-чара ишкананын Стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында аткарылууда.

Бардык жаңылыктар