Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу темир жолдун курулушу башталды

31 Марта 2022

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-мартта, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Балыкчы-Кочкор жолунун курулушу жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалын түзүп, өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ болорун белгиледи.

«Бүгүн темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Иштин башталышы анын жарымынын бүтүшүнө тете» дегендей, аталган темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Себеби бул элдин талабы, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөрдүн бири болуп эсептелет”-деди президент Садыр Жапаров.

“Кыргыз темир жолу” УК” МИ учурда “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” (186 км) темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 км түзгөн “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун участогун куруу пландалууда.

“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынынын Башкы директору Азамат Сакиев, темир жолдун тарыхына токтолуп, “дээрлик жетимиш төрт жыл мурда биздин аталарыбыздын эмгеги менен, дал ушул Балыкчы станциясына алгачкы поезд келген. Андагы элибиздин сүйүнүчү, кубанычы биздин тарых барактарыбызда сакталып турат.
Бишкек-Балыкчы темир жолунун курулушунун аякташына арналган салтанаттуу иш чарага чыгаан мамлекеттик ишмер, ошол кезде Кыргызстандын башчысы болуп турган Исхак Разаков катышса, арадан жетимиш төрт жыл өтүп, Балыкчыга келип токтоп калган темир жолду Кочкор андан ары Кара-Кечеге жеткирүү курулушуна Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров башында туруп жатканы өтө символикалдуу деп эсептейбиз”-деди Азамат Сакиев.

Учурда  темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга чейин темир жолду төшөө күтүлүүдө. Жолдун 5 км үстүнкү конструкциясын төшөө үчүн бардык керектүү материалдар бар.
2030-жылга темир жолду толук бүткөрүп, ишке киргизүү күтүлүүдө. Долбоор учурда кошумча инвестиция тартылбастан, өз каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.
Жаңы темир жолдун курулушу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, аймактарды транспорттук байланыш менен камсыздоо жана жалпы өлкөнүн бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир катар маселелерди да чечет.
Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу темир жолдун курулушунун башталышынын урматына Президент Садыр Жапаров “Мезгил кутучасын” – келечек муундарга кайрылууну салды. 

Ал Балыкчы шаарынын темир жол бекетин жана вагондорун карап чыкты. Андан соң Мамлекет башчысына ишкананын 2021-жылга карата ишинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Жаңы темир жол линиясы боюнча өзү жүрүүчү вагон менен 500 метр жол жүрүп, Садыр Жапаров темир жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Андан соң, Мамлекет башчысы “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери менен жолгушуп, алар менен баарлашып жана суроолоруна жооп берди.

Бардык жаңылыктар